13 жашар кыздын зордукталышы: шектүүлөрдү актаган соттун чечими каралабы?

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши менен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Киши менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, судья Сабыр Соодонбеков 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелген үч кишинин экөөнү актап ийген.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Акыркы күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун чечимине нааразы болууда.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, ал 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелген үч кишинин экөөнү актаган. Анын бири декабрь айынын башында сот залынан бошотулганы айтылса, экинчиси 11-декабрда акталган.

Sputnik Кыргызстан коомчулукта мынчалык резонанс жаранткан окуя боюнча тиешелүү органдар тарабынан кандай баа берилерине кызыкты.

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы соттордун чечимине юридикалык баа бере албасын билдирди.

"Биринчиден, Тартип комиссиясы соттордун чечимине юридикалык баа бере албайт. Болгону судьялардын ишинин кынтыксыздыгын жана кызматтык этикет маселелерин гана карайт. Экинчиден, комиссия маселени Башкы прокуратура, жактоочулар же ишке тиешеси бар башка жарандар тараптан даттануулар түшкөн учурда гана карайт. Чечим 11-декабрда гана чыгыптыр. Анча көп убакыт өтө элек. Балким, эми даттануулар болушу ыктымал", — деп түшүндүрүштү комиссиянын маалымат кызматынан.

Ал эми Башкы прокуратурадан иштин жоо-жайы такталып жатканын, ал боюнча кийинчерээк жооп беришерин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0