Жалал-Абадда инспекторлорду аткылап качыштыбы? Милициянын жообу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМужчина с пистолетом
Мужчина с пистолетом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мессенжерлерде милиция кызматкерлерин аткылап автоунаа менен качкан адамдардын видеосу тарап жатат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда жарыяланган автоинспекторлордун аткыланышы боюнча видео Жалал-Абад облусунда тартылган эмес. Бул тууралуу аталган облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Учурда мессенжерлерде милиция кызматкерлерин аткылап автоунаа менен качкан адамдардын видеосу тарап жатат. Айрымдары окуя Жалал-Абад облусунда болгонун айтышкан.

"Бул видеонун Жалал-Абад эле эмес, Кыргызстанга да тиешеси жок. Окуя Россиянын аймагында бир нече жыл мурун болгон. Жарандардан жалган маалымат таратпоону суранабыз", — деди Жээнтаев.

Кыргызстандыктар арасында азыр тарап жаткан видео YouTube каналына 2015-жылы жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0