Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

УКМК: өкмөт аппаратынын биринчи орун басары кармалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПервый заместитель руководителя аппарата правительства КР Азамат Араев
Первый заместитель руководителя аппарата правительства КР Азамат Араев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда радиожыштык боюнча өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси кармалса, эми өкмөттө учурда иштеп жаткан аткаминердин кармалганы туурасында айтылууда.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары А.А.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Учурда бул кызматта Араев Азамат Муратович иштеп жаткан, ага УКМК берген инициалдар дал келип жатат.

"2020-жылдын 15-декабрында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылган маалыматта.

УКМК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жаткандыгын да билдирди.

Председатель Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями (ГСБЭП) Бакир Таиров - Sputnik Кыргызстан
УКМК Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таировду кармады. Себеби
Буга чейин өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжиев кармалган.

Эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган.

Кийин бул иш Аскер прокуратурасына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0