БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 38 жаштагы А.Ш.Б. аттуу кыргыз жараны Сирияга жалданма адамдарды тартуу максатында террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды интернетке жарыялап жүргөн.
"Сот тарабынан санкцияланган тинтүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан ок атуучу курал, ок-дарылары менен байланыш каражаттар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар табылган", – деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош — Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып, эки адам жабыркады. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү Шарабидин Айдаров тастыктады.
Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган.
Айдаровдун айтымында, окуя бүгүн, 14-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кызыл-Кыядан Баткен шаарын көздөй бараткан.
"Айдоочу саатына 80 чакырым ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа оодарылып, жол четине чыгып кеткен", — деди Айдаров.
Кырсык болгон учурда автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары дагы бир жүргүнчү болгон. Азыр анын өздүгү такталууда. Көлүк айып короого киргизилип, кырсыктын себеби иликтенип жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Чүйдөн курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган ок-дарылар УКМК жана "Альфа" атайын кызматы 2010-жылдагы апрель, 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында табылган.
"Ал жерден АК-47 Калашников автоматынын эки магазини, 5.45-59 даана ок-дары жана РПГ-26 "Аглень" гранатомёту табылган. Алар күч түзүмдөрүнүн биринин балансындагы куралдар болушу мүмкүн", — деп жазылат билдирмеде.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар талап-тоноого тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал. Учурда УКМК тарабынан шектүүлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.