Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармалышы

УКМК: уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды

(жаңыланган 16:10 18.12.2020)
УКМК мурда кармаган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Мурзахметовдун ("Чач") кол салуу боюнча кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусундагы атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусундагы атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды
    Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусундагы атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • УКМК Чач каймана аты менен белгилүү Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун ИИМ кызматкерлери жана жарандарга куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат
    УКМК "Чач" каймана аты менен белгилүү Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун ИИМ кызматкерлери жана жарандарга куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган
    Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Калган эки киши Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесинин негизинде УКМКнын борбор калаадагы убактылуу тергөө абагына киргизилген
    Калган эки киши Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесинин негизинде УКМКнын борбор калаадагы убактылуу тергөө абагына киргизилген
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусундагы атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды

УКМК "Чач" каймана аты менен белгилүү Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун ИИМ кызматкерлери жана жарандарга куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

"16-декабрда УКМК Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айындагы атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсүн кармады", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын тергөө жайына эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган. Калган эки киши Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесинин негизинде УКМКнын борбор калаадагы убактылуу тергөө абагына киргизилген.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМК тарабынан мурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Мурзахметовдун ("Чач") жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган кылмышкерлерге карата алардын башка бир катар мыйзамсыз фактыларга (опузалап талап-тоноо, куралдуу кол салуулар, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик басып алуулар ж.б.) тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Белгилер:
кримавторитет, УКМК, Ош шаары, Жалал-Абад облусу, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: Сирияда согуш даярдыгынан өткөн кыргыз жараны кармалды
Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы "Чач" кармалды. Видео
Тазалоочу айым. Архив

Асылып жанын койбогон жетекчисин швабра менен сабап... Кытайлык кыздын видеосу

(жаңыланган 10:23 19.04.2021)
Видео интернетке жайылып кеткен соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында жетекчинин кызматтан кеткени айтылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.

​Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.

Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.

Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.

Белгилер:
видео, жетекчи, интернет, окуя, Кытай
Тема боюнча
Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя
Шаркыратма. Архив

Казакстанда атасы кызы менен шаркыратмага түшүп кеткен. Жүрөк үшүн алган видео

(жаңыланган 13:01 18.04.2021)
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.

Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🄽🄴🅆🅂 Новости Кокшетау (@kokshetauasia)

"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.

Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.

Белгилер:
видео, суу, кыз, ата, окуя, Казакстан
Тема боюнча
Ойногон жеринен таппай калышкан. Бакай-Атада эки жашар бала изделүүдө. Сүрөт
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив

Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт

(жаңыланган 15:23 19.04.2021)
Жаңыланган келишимге ылайык, сиздин адаттарыңызды жана табитиңизди анализдөө үчүн WhatsApp колдонуучулардын жеке маалыматтарын Facebook тармагына өткөрүп берет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.

Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.

Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.

Белгилер:
эреже, өчүрүү, жазышуу, аңдуу, WhatsApp