БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкекте тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбордон чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин министрлик борбор калаанын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан автоунаа жуучу жай өрттөнүп жатканын кабарлаган. Кийинчерээк маалымат такталып, ал сервистик тейлөө борбору экени айтылды.
Аталган жайдан чыккан өрт саат 11:27де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Азырынча кырсыктын келип чыккан себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Кошумча маалымат берилери айтылды.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Тоо жактагы өрт куураган чөптөн чыккан. Аны өчүрүүгө саат 19:58де Ленин районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 22:09да чектөөгө алынганы маалымдалды. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилери айтылды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маалымат жыйыны учурунда "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү.
Министр коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл" тамыры аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, уу коргошунду өз алдынча даярдап ичүү адам өмүрү үчүн кооптуу. Министр туура эмес даярдалган учурда адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын белгиледи.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.
Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он-чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.
Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.