Бишкекте үй жарылып, жети киши жабыркады. Балдардын энеси реанимацияда

© Фото / пресс-служба МЧСӨКМ Кызматкерлери. Архив
ӨКМ Кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта 19-декабрда жети кишиден турган бир үй-бүлөнүн жабыркаганы айтылды. Балдардын энеси кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектеги жеке үйлөрдүн биринде тамды жылыткан система жарылып, анда жашагандар жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, кырсыктан беш бала жана ата-энеси жабыркаган.

"Бейтаптар ооруканага түндө түшкөн. Балдар учурда балдардын шаардык клиникалык ооруканасында. Алардын абалы канааттандырарлык. Бир бөбөк менен аял жана эркек киши Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатышат. Аял жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми үй ээсинин абалы да оорураак болуп турат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборундагы бөбөк менен үй ээси күйүк бөлүмүндө экени айтылды. Эркек киши күйгөндөн тышкары баш мээси да чайкалган. Ал эми кичине баланыкы биринчи жана экинчи баскычтагы күйүк деп бааланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0