Ал имараттын ичинде курал-жарак дүкөнү жана тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор жайгашкан. Бирок өрт чыкты деп берилген биринчи маалыматта анын автоунаа жууган жай экени айтылып, бирок кийин такталып, такыр башка багытта иштеген кеңселер экени айтылды.
Жарылуудан дүкөндөгү 57 жаштагы киши каза болуп, үч адам ооруканага жаткырылган.
ӨКМдин маалымат кызматы өрт саат 11:27лер чамасында чектөөгө алынганын билдирди.
Окуянын жүрүшү менен Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан тааныша аласыздар.
Жарылуу болгон имараттын жанында милиция кызматкерлери жүрөт. Дүкөндүн кызматкеримин деген адам имараттын ичинде ок-дарылар калгандыктан, тартип сакчылары аны түнү менен кайтарып чыгарын айтты.
Бул маалыматты милициядан да тастыкташты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы жарылуудан жабыркагандар Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылгандыгын билдирип жана алардын жаш курагын айтты.
"Жабыркаган адамдар 33, 54 жана 58 жаштагы эркек кишилер", - деп айтышты.
Бул маалыматты Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн айтышты
Борбор калаадагы курал саткан дүкөндөн чыккан өрттөн жабыркаган үч адамдын абалы канааттандырлык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек шаарынын тургуну алгач, "газ атылып кетти окшойт, ичиндеги кишилер эмне болду экен" деп тынчсызданган постун койгон