БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектеги курал саткан дүкөндүн имаратында эки ирет жарылуу болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдары Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз эфири учурунда айтты.
Буга чейин социалдык тармактарда имарат жарылган учурдун видеосу жарыяланган. Анда дүкөндөн эки ирет жарылуу чыкканын көрүүгө болот.
Окуя болгон жерде иштеп жүргөн милиция кызматкерлери аны тактап, жарылуу курал саткан дүкөндө болгонун белгилешти. Жыйынтыгында имараттын терезелери сынып, айнектер бир нече метрдей жерге чейин чачырап кеткен.
Өрттөнгөн имараттын жанында автомай куюучу бекет дагы жайгашкан. Анын кызматкерлеринин айтымында, биринчи жарылууга караганда экинчи жарылуу кубаттуу болгон.Эске салсак, 19-декабрда борбор калаанын Ахунбаев менен Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат жарылып, андан соң өрт каптаган. Имараттын ичинде курал-жарак дүкөнү жана тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор жайгашкан.
Кырсыктан дүкөндөгү 57 жаштагы киши каза болуп, үч адам Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Саламаттык сактоо министрлиги үчөөнүн абалы канааттандырарлык экенин айтты.
ӨКМ билдиргендей, өрт саат 11:27лер чамасында чектөөгө алынып, 13:11де толугу менен өчүрүлгөн.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.