БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Токмок шаарындагы айланма жолдо үрөй учурган жол кырсыгы болуп, жети киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Автоунаалар бет маңдай кагышкан видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.
ӨКМ Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү автокөлүктөр Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында сүзүшкөнүн билдирди.
Министрликтин маалымат кызматынын айтымында, каргашадан үч эркек киши жана төрт аял каза тапкан. Мындан тышкары, төрт адам жабыркап, Тез жардам унаасы менен Токмоктогу ооруканага жеткирилген.Окуя болгон жерге куткаруучулар, медиктер жана милиционерлер барган. Кырсык боюнча кенен маалымат азырынча жок. Чүйдүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы комментарий бере элек.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.
Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта Ош шаарындагы "Достук" бажы бекетинде иштеген тескөөчү кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысы боюнча колго түшкөнү кабарланды.
"2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аны "Достук" бажы бекетинин кызматкерлери КР аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган тескөөчү А. Р. 21-январь күнү Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.