Бишкекте курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в частном доме в Октябрьском районе Бишкека
Пожар в частном доме в Октябрьском районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулатов көчөсүндөгү имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 21-декабрь күнү саат 06:40та түшкөн. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунда курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, Кулатов көчөсүндө жайгашкан имараттын үчүнчү кабаты күйгөн.

"Өрттү өчүрүүгө жалпы беш бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа, ыкчам топ, штаб, ИИМден 9 кызматкер тартылган. Натыйжада өрт саат 08:01де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0