Тойдон келе жатып көз жумган үй-бүлө. 7 кишинин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы

© AFP 2023 / JOHAN ORDONEZЖол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
35 жаштагы жигит ата-энесин, келинчегин жана үч баласын салып Токмок шаарында өткөн тойдон үйүнө бара жатканда кырсыктаганы айтылды.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан каза болгон алты адам бир бүлөнүн мүчөсү болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине жакындары билдирди.

Эске салсак, 20-декабрь күнү Токмок шаарындагы айланма жолдо авариядан жети киши көз жумганы айтылган.

ӨКМ Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү автокөлүктөр Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында сүзүшкөнүн кабарлаган.

Ишенимдүү адамдардын айтымында, Volkswagen автоунаасынын ичинде жети адам болгон. Алар Токмок шаарында кызы өткөргөн тойдон кетип бара жатышкан.

"Каза болгондор Ысык-Ата районуна караштуу мурдагы Красный Восток (азыр Нурманбет деп аталат) айылынын тургундары эле. 35 жаштагы жигит атасын, апасын, келинчегин жана үч баласын салып Токмок шаарында болгон тойдон үйүнө бара жатканда кырсыктаптыр. Эки баласынан башкасы ошол жерден каза тапкан. Бирок кичүү баласы ооруканага жеткенде үзүлүптүр, кызынын абалы оор деп уктук", — деди көз жумгандардын тааныштары.

Токмок аймактык ооруканасынын жетекчиси Бактыгүл Исаева ооруканага башында төрт адам түшкөнүн кабарлады.

Бишкек шаарындагы аялдын өмүрүн алган кырсык үйгө газ менен орнотулган жылытуучу түтүкчөлөр жарылгандыгынан улам болгон - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: үйдөгү жылытуучу түтүк жарылып, аял көз жумган кырсыктын чоо-жайы. Сүрөт
"Ооруканага бир аял, бир киши жана эки бөбөк түшкөн. Тилекке каршы, эки жаштагы бала көп узабай көз жумган. Ал эми төрт жашар кыз реанимацияда. Жандандыруу бөлүмүндө андан башка дагы бир аял бар. Ал эми эркек кишинин абалы канааттандырарлык", — деди Исаева.

Ишенимдүү адамдар каза болгондордун сөөгү бүгүн жерге берилерин кошумчалашты.

Ал эми KIA үлгүсүндөгү автоунаада канча адам болгону, канчасы каза болуп, канчасы жабыркаганы азырынча белгисиз.

Чүй ОИИБдин маалымат кызматы азырынча бул маалыматтар тастыкталып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0