Эки жашар бөбөк ооруканадан үзүлгөн. Токмоктогу жол кырсыгынан 8 киши көз жумду

Жазылуу
Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаада сегиз адам болгон. Анын алтоо каза болуп, экөө учурда Токмок аймактык ооруканасында реанимацияда экени айтылды. Абалы оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Токмоктогу жол кырсыктан каза болгондордун саны сегизге жетти. Бул тууралуу ЖКККББ маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.

Эске салсак, 20-декабрь күнү Токмок шаарындагы айланма жолдо эки унаа кагышып, андан жети киши көз жумганы айтылган.

Анда Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү автокөлүктөр Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында сүзүшкөнүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлаган.

Исаевдин айтымында, каза тапкандардын жана жабыркагандардын аты-жөнү такталды. Ал Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаада сегиз адам болгонун белгиледи. Анын ичинен алтоо көз жумган. Алар:

  • Айдоочу, 35 жашта;
  • Айдоочунун келинчеги, 26 жашта;
  • Айдоочунун атасы, 63 жашта;
  • Айдоочунун апасы, 58 жашта;
  • Айдоочунун кызы, 7 жашта;
  • Айдоочунун 2 жаштагы уулу ооруканадан үзүлгөн.

Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдон келе жатып көз жумган үй-бүлө. 7 кишинин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы
Ушул эле автоунаада айдоочунун дагы бир кызы менен 41 жаштагы эжеси болгон. Алар жабыркап, ооруканага жеткирилген. Токмок аймактык оорукананын жетекчиси Динара Исаева буга чейин экөө тең реанимацияда экенин айтып, абалы оор экенин белгилеген.

KIA үлгүсүндөгү автокөлүктө кырсык болгон учурда үч адам болгону айтылды. 19 жаштагы жигит менен 54 жаштагы аял ошол жерден каза болуп, 28 жаштагы айдоочу ооруканага түшкөн. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалашты.

Буга чейин Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаада каза болгон алты адам бир үй-бүлө мүчөсү экенин айтып, алар тойдон келе жатып кырсыкка кабылганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0