ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын жоокери жанын кыйды

Жазылуу
22 жаштагы жигит ушул жылдын күз мезгилинде аскерге чакыртылган. Окуя боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы текшерүү иштерин баштады.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкекте ИИМдин ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер өз жанын кыйганы тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине аталган кызматтын басма сөз катчысы Азамат Оторбаев тастыктады.

Анын айтымында, жоокердин сөөгү 21-декабрь күнү саат 05:45тер чамасында аскер бөлүктүн буюм-тайым сактаган кампасынан асылып турган абалда табылган.

"Каза болгон жоокер 22 жашта, жогорку билимдүү болчу. Аскерге ушул жылдын күз мезгилинде чакыртылган. Эмне себептен өз жанын кыйганы белгисиз", — деди маалымат катчы.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы текшерүү иштерин баштаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0