УКМК: Ташиевдин тууганымын деп абактагылардан акча талап кылган адам кармалды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адам өзүн Камчыбек Ташиевдин тууганы экенин айтып, абакта жаза өтөп жаткандарды мунапыс менен бошотуу үчүн акча сураган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Абакта жаза өтөп жаткан адамдарды мунапыс менен бошотом деп акча талап кылган адам алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРАбакта жаза өтөп жаткан адамдарды мунапыс менен бошотом деп акча талап кылган адам алдамчылыкка шектелип кармалды
УКМК: Ташиевдин тууганымын деп абактагылардан акча талап кылган адам кармалды - Sputnik Кыргызстан
Абакта жаза өтөп жаткан адамдарды мунапыс менен бошотом деп акча талап кылган адам алдамчылыкка шектелип кармалды

Билдирмеге караганда, өзүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы экенин айтып абактагылардан каражат сураган Санжар Муканбетов аттуу адамдын үстүнөн арыз түшкөн.

"Текшерүүнүн натыйжасында акча талап кылган адам Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагында жаза өтөп жаткан 33 жаштагы Санжар Салибаев экени белгилүү болгон. Ал "Алдамчылык", "Жасалма документтерди даярдоо" жана "Абактан качуу" беренелери менен айыпталып сот жообуна тартылган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда топтолгон материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Коопсуздук комитети абактагы жарандарга мунапыс жарыялоо УКМКнын компетенциясына кирбей тургандыгын эскертип, кимде ким жогорудагыдай көрүнүшкө туш болсо укук коргоо органдарына кайрылуусу керектигин кошумчалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0