Чүйдө турак үй күйүп, улгайган аял көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Суу айылынын Чапаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Тилсиз жоо дагы деле толугу менен өчүрүлө элеги айтылат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунда турак үй күйүп, 74 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Суу айылынын Чапаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Тилсиз жоо дагы деле толугу менен өчүрүлө элеги айтылат.

Кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы аял киши көз жумган. Окуянын себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0