БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 54 жаштагы айдоочу жүрүп бара жаткан автоунаадан секирип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, окуя 25-декабрь түнү саат 03:30дар чамасында Чоң-Алай айыл аймагындагы Дароот-Коргон — Жаш-Тилек унаа жолунун 12-чакырымында болгон. Анда жүктөгүч унааны башкарып бара жаткан айдоочу рулга ээ боло албай, андан секирип кетүүгө аракет кылган.Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгон адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында ири өрттү чыгарганга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Эске салсак, былтыр 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен 1800 чарчы метр жер күйгөн. Өрт тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имараттан чыккан.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 210-беренеси менен ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББ өткөн жумада 42 жаштагы эркек кишини кармады. Ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Буга чейин Сегизбаев 25-январда УКМКга сурак берүү үчүн барганы айтылган.
Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер, “Белизгейт” иши боюнча дагы айыпталууда.
“УКМК менен Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында Сегизбаев жогоруда аталган кылмыштарды жасаганы аныкталды. Буга байланыштуу ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — дешти Башкы прокуратурадан.
Учурда кылмыш ишине тийиштиги бар башка тараптарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп дагы шектелүүдө. Ага буга чейин Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.