БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен борбор калаада эл ташыган маршрутка менен Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты. Маалыматты Бишкек кайгуул милициясынын маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 09:20лар чамасында Айылчиев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Натыйжада Honda Fit автоунаасынын айдоочусу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Эл өкүлү коррупцияга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Кадрдан колуна кишен салынган депутатты атайын кызматтын куралчан аскерлери учактан түшүрүп, андан соң УКМКнын имаратына алып кирип кеткенин көрүүгө болот.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.
Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.
Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.