Колу-бутун скотчтоп... Кара-Сууда карактоого шектелип кылмыштуу топ кармалды

© AFP / NOEL CELISКолу таңылган адам. Архив
Колу таңылган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары кармалган адамдар мурда дагы сот жообуна тартылышкан. Учурда алардын башка кылмыш иштерге катышы бар же жок экени такталууда.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Криминалдык милиция кызматы Кара-Суу районунда 57 жаштагы адамдын 40 миң сомун карактап кеткен кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМден кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 15-декабрь күнү саат 02:30дар чамасында болгон. Жабырлануучунун үйүнө кирген белгисиз адамдар анын колу-бутун скотч менен байлашып, 40 миң сомун алып качып кетишкен.

"Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жабырлануучу Россиянын жараны болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Бишкек шаары менен Чүй облусунун 42, 37, 33 жана 30 жаштагы тургундары кармалган.

Учурда алар тергөө абагына киргизилип, шектүүлөрдүн башка да кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0