Манас эл аралык аэропорту. Архив

Прокуратура: "Манас" аэропортунун жетекчилиги өлкөгө 65 млн. сом зыян келтирген

148
(жаңыланган 20:05 25.12.2020)
Жетекчилик кызматтагылар чечимдерди А.Ш. аттуу жарандын компанияларынын пайдасына кабыл алуу максатында башка ишканаларга басмырлоочу критерийлерди жана талаптарды коюшканы айтылды.

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын жетекчилиги пайда табуу максатында техникаларды жана жабдууларды жогорулатылган баада сатып алууга келишим түзүшүп, мамлекетке 65 миллион 170 миң 226 сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аэропорттун жетекчилиги 2018-2020-жылдар аралыгында 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын уюштуруучусу болуп саналган А.Ш. аттуу жаран менен кызыкчылыктарды көздөп, мыйзамсыз келишимдерди түзгөн.

Анын ичинде алардын аффилирленген компаниялары да болуп, алар кымбат баадагы 430 миллион 617 миң 935 сомдук товарларды (атайын техникалар менен жабдуулар) алып келүүгө катышкан.

"Сатып алууларды пландаштыруу этабында кээ бир товарлардын бааларына тийиштүү мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан, товардын бааларын негизсиз жогорулатып коюшкан", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле чечимдерди А.Ш. аттуу жарандын компанияларынын пайдасына кабыл алуу максатында сатып алуучу башка ишканаларга басмырлоочу критерийлерди жана талаптарды коюшканы айтылды.

"Сынактын техникалык спецификациясы боюнча квалификациялык талаптарга жооп бербеген А.Ш. аттуу жаран жетектеген компаниялардын арыздарын жактырышып, башка товар тапшыруучулар сынактын кийинки этабынан негизсиз четтетилген", — дешти Башкы прокуратурадан.

Түрдүү топторго кирген товарларды бир лотко бириктирүүгө болбогондугуна карабастан, ар түрдүү техникалык жана функционалдык мүнөздөмөдөгү товарларды сатып алуу боюнча сынак лотторго бөлүнбөстөн өткөрүлүп жүргөн. Ал эми  арзан бааны койгон катышуучулардын сынактык арыздарынын коммерциялык сунуштары четке кагылганы белгиленди.

Чогулган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 233 ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") жана 234-беренеси ("Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу") менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

148
Белгилер:
коррупция, "Манас" эл аралык аэропорту, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
"Коопсуз шаар" II долбоорун үзгүлтүккө учураткан кытайлык компания айып төлөдү
Ошто 21 жыл мурда сатылып кеткен кинотеатр мамлекетке кайтарылды
Жол кырсыкта болгон автоунаа. Иллюстративное фото

Жети-Өгүз: автоунаалар кагышып, 20 жаштагы жигит көз жуумп, 8 адам ооруканага түштү

63
(жаңыланган 10:06 27.01.2021)
Куткаруучулар барганга чейин жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунда BMW 525 жана Subaru Legasy автоунаалары кагылышып бир адам көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша 26-январда түнкү саат 23:43тө Каракол — Бөкөнбаев — Балыкчы жолунун 11-чакырымында болгон. Анын кесепетинен 20 жаштагы бала каза таап, сегиз адам жаракат алган.

Куткаруучулар барганга чейин жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар сөөктү автоунаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

63
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, ӨКМ, Жети-Өгүз району
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа бакты сүзүп, бир аял каза тапты. Жеринен тартылган сүрөт
Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов. Архив

Эл акыны Рамис Рыскулов түндө көз жумду

93
(жаңыланган 09:45 27.01.2021)
Рамис Рыскуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Маркум менен коштошуу зыйнатын эртең, 28-январда, өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 87 жашында көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Маркум көптөн бери ооруп жүргөн.

"Кечээ түнкүсүн саат 12лерде каза болду. Жашы 87ге чыкты, ал киши көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Уюштуруу иштери жүрүп жатат", — деди ал.

Кадыракунов ошондой эле Эл акыны менен коштошуу зыйнатын эртең, 28-январда, өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

Эл акыны чыгармачылык жолунда ондогон ыр китептердин, ыр жыйнактарынын автору болгон.

93
Белгилер:
Рамис Рыскулов, жерге берүү, өлүм
Тема боюнча
Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов көз жумду
Улуттук гвардиянын маршы. Архив

Генералдык штаб кайрадан Коргоо министрлигине айланышы ыктымал

0
(жаңыланган 12:02 27.01.2021)
Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Куралдуу күчтөр бул мекемеге 2014-жылы бириккен.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын кайрадан Коргоо министрлиги деп өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Генштабдын маалымат кызматы тастыктады.

Мекеменин Facebook баракчасында жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда элдин көбү бул идеяны колдогон.

"Өлкөгө жаңы жетекчинин келиши менен эски системага кайтуу планы бар. Тагыраагы, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деп белгилеген Генералдык штаб.

Учурда КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб экени белгиленди. Коргоо министрлигине кайтуу менен өлкөнүн аскердик доктринасы өзгөрөт.

Эске салсак, Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.

2018-жылы Жогорку Кеңеште Коргоо министрлигин кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов Генштабдын генералдары чет мамлекетте таанылбай жатканын, анткени мындай орган сыртта анча маанилүү мекеме эместигин белгилеген.

0
Белгилер:
өзгөртүүлөр, мыйзам, реформа, Коргоо министрлиги, Генералдык штаб, Куралдуу күчтөр, Кыргызстан