Абактан качып Кыргызстанда теракт жасоого камынган чет элдиктер кармалды

© AFP / Loren ELLIOTTКишенчен кишилер. Архив
Кишенчен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө теракт жасаган соң алар жасалма документти колдонуу менен согуш жүрүп жаткан Сирияга кетүүнү көздөгөн.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн биринде оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, кийин абактан качып кеткен жарандар Жалал-Абад шаарынан кармалды. Бул туурасында Улуттук коосуздук мамлекеттик комитети билдирди.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКМШ өлкөлөрүнүн биринде оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, кийин абактан качып кеткен жарандар Жалал-Абад шаарынан кармалды
КМШ өлкөлөрүнүн биринде оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, кийин абактан качып кеткен жарандар Жалал-Абад шаарынан кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
КМШ өлкөлөрүнүн биринде оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, кийин абактан качып кеткен жарандар Жалал-Абад шаарынан кармалды
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте М.А. менен Р.Ж. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын колго түшүргөн
УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте М.А. менен Р.Ж. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын колго түшүргөн - Sputnik Кыргызстан
2/2
УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте М.А. менен Р.Ж. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын колго түшүргөн
1/2
КМШ өлкөлөрүнүн биринде оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, кийин абактан качып кеткен жарандар Жалал-Абад шаарынан кармалды
2/2
УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте М.А. менен Р.Ж. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын колго түшүргөн

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте М.А. менен Р.Ж. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын колго түшүргөн.

"Кармалгандар теракт жасоо максатында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө киргени аныкталды. Андан соң алар жасалма документти колдонуу менен куралдуу согуш жүрүп жаткан Сирияга өтүп кетүүнү көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар Жалал-Абад шаарык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта кылмышкерлерге жардам берген башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0