Нарындагы Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 27 жаштагы киши изделүүдө

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСууга чөгүп кеткенди издөө. Архив
Сууга чөгүп кеткенди издөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ кызматкерлерине Жеңиш айылындагы Ала-Буга суусуна 27 жаштагы киши түшүп кетти деген билдирүү кечээ, 27-декабрь күнү, саат 14:07де айтылган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында сууга түшүп кеткен киши изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Куткаруучуларга Жеңиш айылындагы Ала-Буга суусуна 27 жаштагы киши түшүп кетти деген билдирүү кечээ, 27-декабрь күнү, саат 14:07де айтылган.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, саат 19:30та натыйжа чыкпагандыктан издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн издөө улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0