БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. УКМК Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопоновду кармаганын тастыктап, ал коррупцияга шектелип жатканын айтты. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Эске салсак, Бопонов кармалганын мындан эки күн мурда укук коргоо органдарындагы маалымат булагы айткан.
УКМКнын билдиришинче, мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Чүйдүн жол инспекторлору "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунан дайыма пара алып жүрүшкөндүгүн аныктаган.
"Кызматкерлер аталган пунктудан документ текшерип бергени үчүн эл аралык жүк ташыган айдоочулардан дайыма 500 сомдон 5000 сомго чейин алып турушкан. Бул жерден күн сайын 100дөн 200гө чейин автоунаа өтөт", — деп айтылат билдирмеде.
24-декабрда УКМК ИИМ менен биргеликте Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үч инспекторун кармаган. Ал эми эртеси, 25-декабрда, коррупциялык схемага тийиштиги бар деп башкармалыктын жетекчиси, милициянын полковниги Шаирбек Бопонов колго түшүрүлгөн болчу.
Мекеме башка адамдардын да жемкорлукка тиешеси бар-жогун аныктап жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысын мыйзамсыз байыган деп кармады. Бул тууралуу комитет кабарлады.
Маалыматка ылайык, Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын Т.А.Р. аттуу жетекчиси, майор 2014-жылдан тарта чоң кызматтарда иштеп жүрүп Ош менен Бишкектен 15тен көп кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Анын бардыгы жакын туугандарына катталган.
Мындан сырткары, Ош шаарындагы 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушунун чыгымын көтөргөн.Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келбей жатканы айтылат.
Финполдун башкармалыгынын башчысы кечээ кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырып, бир катар маселелерди талкуулашты.
Ал ортодо Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды.
Ал эми Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү.
Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
Ханойдогу карнавал
Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
Ралли Дакар марафонундагы жарыш
Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин онлайн тартипте окутууга өткөн биринчи күнү 53,5 миңден ашуун бала барса, ушул эле окуучулардын 3 680 классташы аралыктан окуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле алты миңден ашуун мугалим расписаниеге ылайык, кадимки жана аралыктан билим берүү тартибинде сабак өтүшкөн.
Маалыматта мектептер дезинфекциялык каражаттар, антибактериалдык самындар, санитайзер, термометр жана башкалар менен камсыздалганы айтылды.