БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке бир миллион доллардан ашык зыян келтиргенин аныктады. Бул туурасында көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда министрликтин айрым кызмат адамдары иш абалынан кыянаттык менен пайдаланганы ачыкталган.
"2014-2019-жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтар тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөстөн жогору суммада негизсиз сатып алынган. Тендердин жыйынтыгында "D.&T." ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 долларга келишим түзүлгөн. Анын негизинде аталган компанияга 63 миллион 804 432 сом которулуп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 322-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен КЖБРге катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү тийиштүү тергөө органдарына тапшырылды.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектепке спорт зал жана ашкана куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерин баштоо үчүн 2015-жылы тендер өткөрүлүп, жеңүүчү компанияга 24 млн. 202 миң 850 сом алдын ала төлөнгөн.
"Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жеңүүчү компанияга акча каражаты толугу менен которулуп, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектептин спорт залын жана ашканасын куруу иштери токтоп калган. Натыйжада мамлекетке 6 млн. 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.
"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.
Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.