БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы администрациясы ишин Дональд Трамптын өлкөнүн түштүк чек арасында мигранттарга каршы киргизген чектөөлөрүн алуу менен баштайт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын жаңы шайланган башчысы Жо Байден билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өлкөнүн түштүк тарабындагы чек арада Трамптын администрациясы түзүп кеткен катастрофалык абалды жөнгө салуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керектигин айтышты. Биз Трамптын чектөөлөрүн алыш үчүн биринчи күндөн тарта жоопкерчиликтүү, максаттуу иштеп баштайбыз", — деди Байден.Анын айтымында, пандемия шартында кризис жаратпастан АКШдан баш паанек издеп жаткандарга жумуш табуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл.
Эске салсак, Трамптын администрациясы өлкөгө кирүү үчүн эрежени татаалдаштырып салган. Ошондой эле АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендердин агымын азайтуу үчүн Мексика менен чектешкен жердин бир топ бөлүгүнө дубал орнотуп коюшкан.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Эл өкүлү коррупцияга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Кадрдан колуна кишен салынган депутатты атайын кызматтын куралчан аскерлери учактан түшүрүп, андан соң УКМКнын имаратына алып кирип кеткенин көрүүгө болот.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.
Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.