Жет титирөөнүн графиги. Архив

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында кайрадан жер титиреди

375
(жаңыланган 10:54 29.12.2020)
Ишемби күнү дагы эки өлкөнүн чектеш жеринде 5 баллдык жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Баткен облусундагы бир нече имараттан жарака кетти.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында кайрадан жер титиреп, 4 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянуу менен кабарлады.

Ал бүгүн, 29-декабрь күнү, саат 07:49да катталды.

Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске салсак, ишемби күнү дагы эки өлкөнүн чектешкен жеринде 5 баллдык жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Баткендин Кадамжай районунун Совет айылында №21 Кан орто мектебинин, Кайтпас айылындагы №23 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жана "Керемет Банк Кадамжай" филиалынын дубалдарынан жарака кеткен.

Мындан сырткары, Баткен районунун Кыштут айылында орто мектеп жана Сай айылындагы "Баластан" балдар бакчасында, ошондой эле Бөжөй айылында беш турак үйдө, Самаркандек айылында бир тамда жана дагы бир орто мектепте жарака пайда болгон.

Объектилерди кайра калыбына келтирүүгө жергиликтүү бийликке сунуш берилген. Кошумча тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

375
Белгилер:
жер титирөө, Ош, ӨКМ, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда 5 баллдык жер титирөө болуп, сейсмологдор тынчсызданууда

Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. Видео

208
(жаңыланган 18:32 26.01.2021)
Төрт-беш айдан бери маяна ала албай жүргөн жолчулар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар суроо-талабын жетекчиликке жеткирүү үчүн ар кайсы облустан чогулуп келишкен.

Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.

Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.

"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.

Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.

Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.

"Ай сайын 2000, 3000, 5000 сомдон берип коёт. Эмгек өргүүгө чыккандар ага төлөнчү акчасын ала элек. Мына январь бүтүп калды. Сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь - төрт ай болуп жатат. Ошол төрт айдан бери айлык ала элекпиз", — деди Асаналиев.

Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.

Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.

208
Белгилер:
кечигүү, төлөө, маяна, Жол чарба департаменти
Тема боюнча
Иш таштаган маршрутка айдоочулары. Үч компанияга эскертүү берилди
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
13 млн. сом коромжу болгон. Шектүү катары Эсеп палатасынын инспектору кармалды
Мончо. Архив

Алтай, жалаа, сурак. Мончодо өспүрүмдү зордуктоо видеосу боюнча жаңы жагдайлар айтылды

840
(жаңыланган 17:04 26.01.2021)
Жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео социалдык тармактарда тараган. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышкан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Мончодо жашы жете элек өспүрүмдү зордуктаган окуя Алтай Республикасынын Кош-Агач районунда болгон. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео социалдык тармактарда тараган. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышкан.

Министрлик социалдык тармакта тараган видео боюнча башка өлкөгө сурам жөнөткөн.

"Бүгүн жооп келди. Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасынын ИИМ кызматкерлери WhatsApp мессенджеринде белгисиз балага күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосу тарап жатканын байкаган. Натыйжада 2019-жылдын август айында Кош-Агач районунун Кош-Агач айылында жашы жете элек "Р" башка кичирээк бала "К"ны зордуктаганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча Алтай Республикасынын Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү былтыр 29-июль күнү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси ("Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашы жете элек "Р" кармалган.

2020-жылдын 31-декабрь күнү айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош-Агач райондук сотуна жиберилген.

Кыргызстандагы иш

"Видео Кыргызстанда тартылган деген маалымат болгондуктан ролик социалдык тармактын бардыгына тарап кеткен. Натыйжада ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Facebook жана Instagram социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүздү", — деген маалымат таратты ИИМ.

Ошондой эле зордуктады деген адамдын сүрөтү да жайылып кеткен. Текшерүү иштеринин натыйжасында сүрөттөгү жаран Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну Б.А. экендиги жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жоктугу аныкталган.

ИИМден Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө кызматынын кибер коркунучтарга каршы күрөшүү бөлүмү маалыматты ким тараткандыгын табуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү кармалганын айтышты.

"Сүрөт коюп кылмышты ушул жасаган деген жалган маалымат тараткан Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну Т.Ж. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Учурда аталган факт боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 186-беренеси менен ("Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу") катталган.

Ички иштер министрлиги кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат жайылткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти.
"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан сырткары, элди социалдык тармактар жана интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоону суранып, такталбаган жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырган.

840
Белгилер:
видео, мончо, өспүрүм, бала, зордуктоо, ИИМ, Алтай крайы
Тема боюнча
Алматы: полиция педофилияга шектелген кишинин артынан 13-кабаттан секирип кетти
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Медиктерге компенсация төлөө мыйзамы өзгөрдү. Кошумча акча алуунун жол-жобосу

1
(жаңыланган 20:09 26.01.2021)
Кызмат учурунда коронавирус жуктурган медиктердин компенсациясынын көлөмү өзгөрүп, мурдагыга салыштырмалуу азайды. Ал эми каза тапкандардын жакындарына төлөнчү каражат көбөйдү. Себебин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

2021-жылдын январь айынан тарта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери мурдагыдай 200 миң сом эмес, 75 миң сом компенсация алмай болушту. Ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындарына 1 миллион сом эмес, болжол менен 2 миллион 800 миң сом берилет. Бул тууралуу буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирген.

Ал мындай жаңылыкты "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүргөн. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган мыйзамды карап, медиктерге кандай жеңилдиктер каралганын билип көрдү.

Компенсациянын мурдагы көлөмү

2020-жылдын жаз айында өкмөт өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып коронавирус жуктуруп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерине 200 000 сом, ал эми каза тапкан медиктердин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча буйрук чыгарган. Документке ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бирок быйыл "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргендиктен, өкмөттүн мурдагы буйругу күчүн жоготту. Андыктан компенсация эми өзгөртүлгөн мыйзамдын негизинде төлөнөт.

Негизи бул мыйзам сегиз жыл мурда, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган убакта эле кабыл алынган. Бирок пандемия эл өкүлдөрүн мыйзамга бир катар маанилүү, анын ичинде компенсация төлөөгө байланышкан толуктоолорду киргизүүгө түрткөн. Өзгөртүлгөн мыйзамга 2020-жылдын 29-июнунда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Андан соң өкмөт тарабынан төлөм тартибин аныктай турган механизм иштелип чыгып, мыйзам 2021-жылы күчүнө кирди.

Өзгөртүлгөн мыйзамда кандай артыкчылыктар бар?

Мыйзамдагы жоболор мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медиктерге гана тиешелүү. Бирок көрсөтүлгөн жагдайларда ишке жеке клиникалардын медицина кызматкерлери тартылган болсо, анда бул алты пункт аларга да байланыштуу болот.

Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими маалында медиктерге төмөнкү шарттарды түзүп берүү зарыл:

  • үйдөн жумушка жана кайра үйгө чейин транспорт;
  • тийиштүү коргонуу каражаттары (бет кап, көз айнек, костюм, бахила, антисептик жана башкалар) — коопсуз иштөөгө мүмкүндүк берген көлөмдө;
  • талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыздоо.

Компенсациянын азыркы көлөмү

Эгер медицина кызматкерлери ӨК же ӨА режими убагында саламаттыгын тобокелге салуу менен кесиптик милдетин аткарса, аларга компенсация кошумча каралат. Аны министрлер кабинети аныктайт, бирок өлчөмү ээлеген кызматына жараша төрт окладдан кем болбоого тийиш.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристтеринин айтымында, бул — иштегенине жараша айлык маянага кошулуп төлөнүп берилчү акча.

ӨК же ӨА режими убагында санитардык-карантиндик зонада эмгектенгендерге оор жумуштар, зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленип, медиктерге ээлеген кызматына жараша 10 окладдан кем эмес өлчөмдө компенсация каралат. Алардын өлчөмүн да өкмөт аныктайт.

Бир жолу төлөнө турчу компенсация

Эгер медицина кызматкери ӨК же ӨА убагында кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп ооруп калса же жаракат алса, бирок майып болбосо, анда ээлеген кызматына жараша 15 окладдан кем эмес бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристтери түшүндүргөндөй, мыйзам боюнча кызмат учурунда оору жуктуруп же жаракат алгандардын айлык маянасы эмес оклады эсептелет. Ошол себептен алар болжол менен 5000 сом окладды алып, аны 15ке көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында 75 миң сом чыккан. Белгилей кетсек, бул болжолдуу эсептөө. Кенже медперсоналдардын алчу акчасы мындан аз болуп калышы ыктымал.

Эгер медик ӨА жана ӨК режиминде өз милдетин аткаруу убагында кабылган илдеттен көз жумса, анда анын үй-бүлөсүнө маркумдун жыйырма жылдык орточо маянасынан аз эмес өлчөмдө бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон медиктердин жакындарына өзгөртүлгөн мыйзам боюнча болжол менен 2 миллион 800 миң сом төлөнөрүн кабарлаган.

Бул сумма кандай эсептелгенин министрликтин юристтери түшүндүрүп берди. Алар мында оклад эмес, каза болгон медиктин жыйырма жылдык айлык маянасы эсептеле турганын белгилеп кетишти. Юристтер финансисттер менен акылдашып, болжол менен 12 миң сомду алышкан. Анткени бул сумманын ичине оклад, иштөө коэффициенти (КТУ) жана башка төлөмдөр кошулат. 12 миңди 12 айга көбөйтүп, андан соң 20 жылга көбөйткөндө 2 миллион 800 миң сом чыккан. Юристтер бул болжолдуу гана эсептөө экенин эскертишти.

Эгер ӨА же ӨК шарттарында кесиптик милдетин аткаруу убагында медик ооруга кабылып, анын айынан таптакыр же белгиленген жагдайларда бир жыл өткөнчө иштей албай турган болсо, анда бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилет.

  • I топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 10 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • II топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 8 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • III топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 5 жылдык орточо маянасынан кем эмес.

Бир жолку төлөм Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен берилет.

Мындан тышкары, медкызматкерлерди эмдөөгө, иш убагында кабылган дартынан дарыланууга кеткен чыгымдары мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын өз эсебинен төлөнүп берилет. Ушул эле пунктуга милдеттүү медициналык кароолор да тиешелүү. Буга чейин медиктерге мындай жеңилдиктер жок болчу.

Белгилей кетсек, бул компенсациялар бир гана коронавирус жуктуруп алуу учуруна гана байланыштуу эмес. Бул өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медиктерге тиешелүү. Ошондой эле аскердик же ИИМде иштеген медиктерге мыйзамдагы бул толуктоолор таптакыр тиешеси жок экенин юристтер эскертти.

Компенсациялар дароо ак халатчандардын колуна тийбей турганын да белгилеп кетүү зарыл. Сөзсүз комиссия карап чыгып, андан кийин берилет. Ишти мурдагыдай Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия текшербейт, ар бир саламаттык сактоо мекемесинде түзүлгөн комиссия иликтеп, текшерип анан каражат бериле турганы айтылды.

1
Белгилер:
өзгөртүүлөр, мыйзам, компенсация, медик
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктурган медиктер 75 миң, көз жумгандардын жакындары 2,8 млн. сомдон алышат
Бишкекте бир бейтап көз жумуп, 97 адам оору жуктурду. Кыргызстандагы коронавирус
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт