БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Москва шаарындагы Хамовники районунун полициясы 31 жаштагы кыргызстандык жаран тамдын башындагы карды тазалоо учурунда кулап кетип көз жумганын тастыктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, маркум Жалал-Абад облусунан болот. Окуя Москвадагы 2-Врасжский туюк көчөсүндө болгон.
"Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Хамовники райондук тергөө бөлүмүнө ар тараптуу изилдөөнү камсыздап берүүнү суранып кайрылуу жолдоду. Ошондой эле тергөөчү менен байланыш түзүлдү", — дешти ТИМден.
Мындан сырткары, Эмек инспекциясына эмгек жөнүндөгү мыйзамдын сакталган-сакталбаганын текшерүү үчүн кат жолдонду. Дипөкүлчүлүк маркумдун туугандары менен байланышта.
Дача-СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача-СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача-СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Эл өкүлү коррупцияга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Кадрдан колуна кишен салынган депутатты атайын кызматтын куралчан аскерлери учактан түшүрүп, андан соң УКМКнын имаратына алып кирип кеткенин көрүүгө болот.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.