БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Сокулук районундагы кафеде өткөн үлпөт тойдо адамдар ууланып, иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден кабарлашты.
27-декабрь күнү 37 жаштагы жаран милицияга кайрылган. Ал 24-декабрь күнү кафелердин биринде үлпөт той өтүп, ага катышкан коноктордун бардыгы ууланып ооруканага түшкөнүн билдирген.
Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузуу") боюнча иш козголуп, Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык борборуна кат жолдонду.
ИИББден билдиришкендей, жарандар эмне жеп ууланганы жана алардын саны канча экени азырынча белгисиз.
Саламаттык сактоо министрлиги факты боюнча комментарий бере элек.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Мадрид шаарынын борборунда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
#BREAKING: Large explosion reported in downtown Madrid, Spain. pic.twitter.com/g73tDAMM0P
— UA News (@UrgentAlertNews) January 20, 2021
Кадрлардан көрүнүп тургандай, талкаланган көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатат. Айнектин сыныктары туш тарапка чачырап кеткен.
Жергиликтүү ЖМКлар жарылуу карылар үйүнө жакын жерде болгонун жазууда. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан четтетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Судья декабрь айынын аягында камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калмаматов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Осмоналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жарыялаган. Сунуш Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын Камил Осмоналиевди жоопко тартуу жана аны кызматтан алуу жөнүндө чечиминин негизинде кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотууга укуктуу. Ал эми президент болсо жергиликтүү сотторду гана кызматынан бошото алат.
Бүгүнкү пленардык жыйында парламент ошондой эле судьялык кызматка Мамытов тарабынан көрсөтүлгөн Дамирбек Назаровдун талапкерлигин тандады.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.