Кармалган кишенчен кызматкер. Архив

УКМК Бишкек мэринин мурдагы орун басарын кармады

181
(жаңыланган 10:28 30.12.2020)
А.М.К. аттуу инициалдарга Бишкек мэринин 2019-2020-жылдардагы орун басары Амантуров Мирлан Казылаевич туура келүүдө. Ал "Бишкек асфальт сервис" ишканасында 2007-2019-жылдар аралыгында жетекчи болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип Бишкек мэринин мурдагы орун басары А.М.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болгон.

"Бишкек асфальт сервис" ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Тагыраагы, жолдорду куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар маалында шектүүгө тааныштыгы бар компанияларга артыкчылык берилген", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес.

Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

А.М.К. аттуу инициалдарга Бишкек мэринин 2019-2020-жылдардагы орун басары Амантуров Мирлан Казылаевич туура келүүдө. Ал "Бишкек асфальт сервис" ишканасында 2007-2019-жылдар аралыгында жетекчи болуп эмгектенген.

181
Белгилер:
коррупция, УКМК, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Чүйдүн жол инспекторлору пара алып жатат деген видео жарыяланды
"Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси үй камагына чыгарылды
Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарында ири өрттүн кесепети

Былтыр "Орто-Сай" базарында ири өрт чыгарган деген киши кармалды

66
(жаңыланган 10:02 26.01.2021)
Ордо калаада былтыр 9-ноябрга караган түнү "Орто-Сай" базарынан өрт чыгып, тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имарат күйүп кеткен.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында ири өрттү чыгарганга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Подозреваемый в поджоге на Орто-Сайском рынке
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Шектүү

Эске салсак, былтыр 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен 1800 чарчы метр жер күйгөн. Өрт тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имараттан чыккан.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 210-беренеси менен ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") кылмыш иши козголгон.

Бишкек ШИИББ өткөн жумада 42 жаштагы эркек кишини кармады. Ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

66
Белгилер:
шектүү, кылмыш иши, өрт, Орто-Сай базары, Бишкек
Тема боюнча
Кара-Кече көмүр кенинен өрт чыкты. Сүрөт, видео
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев. Архив

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кармалды

1213
(жаңыланган 20:22 25.01.2021)
Аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Сегизбаев 25-январда УКМКга сурак берүү үчүн барганы айтылган.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 14-январында Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдар тарабынан Башкы прокуратурага түшкөн кайрылуунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши каттоого алынган. Анда Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезде Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевдин беделине атайылап шек келтирип, кылмышка айыптаганы белгиленген. 

Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер, “Белизгейт” иши боюнча дагы айыпталууда.

“УКМК менен Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында Сегизбаев жогоруда аталган кылмыштарды жасаганы аныкталды. Буга байланыштуу ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — дешти Башкы прокуратурадан.

Учурда кылмыш ишине тийиштиги бар башка тараптарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.

Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп дагы шектелүүдө. Ага буга чейин Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.

1213
Белгилер:
камакка алуу, Абдил Сегизбаев, УКМК
Тема боюнча
Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоду
Абдил Сегизбаев ага козголгон кылмыш иши боюнча үн катты
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш. Архив

БУУ: COVID оңдурбай, дүйнө акыркы 100 жылдыкта эң оор каатчылыкка кептелди

0
(жаңыланган 11:13 26.01.2021)
Антониу Гутерреш 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин билдирди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.

Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".

"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.

Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
кесепет, Дүйнө, пандемия, Антониу Гутерреш, БУУ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
ДССУ коронавирус менен күрөш көпкө созуларын айтты