БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура менен Транспорт прокуратурасы биргеликте "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын туундуу компаниясы бюджетке 139,6 миллион сом зыян келтиргенин аныктады. Бул туурасында башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Манас Менеджмент Компани" жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик "Г. Э." компаниясына эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуу үчүн атайын түзүлгөн туруктуу схема менен жеңилдиктер мыйзамсыз берилген.
"Эл аралык каттамдар боюнча учкан учактардын жүктөрүн тейлөө үчүн бир тонна жүккө 60 доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген тариф белгиленген. Ал эми ушул сыяктуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн башка компанияларга 95 евро өлчөмүндөгү тариф каралган. Мыйзамсыз берилген жеңилдиктен натыйжасында 2018-жылдын 1-январынан ушул жылдын 1-ноябрына чейин чет элдик "Г. Э." компаниясына "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын пайдасына 1 миллион 789 миң 726 доллар же 139 миллион 598 миң 681 сом төлөм түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте түндө дүкөн өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Короче" Telegram-каналы өрттүн видеосун жарыялады.
23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.
"Кийинчерээк дүкөндүн аянты 50 чарчы метр экени аныкталды. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.
"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.
Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.