Кишенчен кармалган аял. Архив

Бишкекте кыздарды чет өлкөгө сойкулукка жиберген аял кармалды

899
(жаңыланган 22:01 30.12.2020)
Милиция кармалган аялдан жабыр тарткан жарандар болсо Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайрылууну суранат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкекте баңгизат сатып жана сойкулук үчүн кыздарды чет өлкөгө жөнөтүп жүргөн аял кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аны ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн.

"Кармалган 48 жаштагы Р.Е. аттуу аялдын Бишкектеги үйүн тинткенде кара-жашыл түстөгү зат табылып, соттук-химиялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы табылган зат 8 грамм өлчөмүндөгү кара куурай экенин көрсөткөн. Мындан тышкары, алдын ала маалымат боюнча, Р.Е. интимдик кызмат көрсөтүү үчүн кыздарды чет өлкөгө жиберүү менен алектенгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Эки кылмышка шектелген аял убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция аты аталган жарандан жабыр тарткан жарандар болсо Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайрылууну суранат. Телефон номери: (0312) 62-08-53, +(996) 500 01-33-53.

899
Белгилер:
кылмыш, аял, шектүү, кармоо, сойкулук, баңгизат
Тема боюнча
Түркия: мейманканада кармалган сойкулардын экөө кыргызстандык болуп чыкты. Видео
Ош: жабылган саунаны кайра ачып, сойкукана уюштурууга шектелген аял кармалды

Финпол сулуулук салонунун атын жамынып иштеген кумар оюндары клубун аныктады. Видео

0
(жаңыланган 10:52 21.01.2021)
Финпол Чүй облусунун Жайыл районунда "Сулуулук салону" деген атты жамынып иштеп жаткан кумар оюндары ойнолчу клубду аныктады.

Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.

Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

0
Белгилер:
аныктоо, казино, Кара-Балта, финансы полициясы
Тема боюнча
Финпол: Балыкчыга камера орнотууда 3 млн. сом сол чөнтөккө солонгон
Бишкекте мөөнөтү өткөн конфет-печенье сакталган дагы бир кампа табылды. Видео
Сейсмографтын маалыматтары. Архив

Кечинде Өзгөн менен Кара-Сууда жер титиреди

27
(жаңыланган 10:16 21.01.2021)
Жер титирөө Оштун айрым жерлеринде 3 баллга чейин сезилген. Министрликтин айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.

Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

27
Белгилер:
жер титирөө, Кара-Суу району, Өзгөн, Ош, ӨКМ
Тема боюнча
Эртең менен Нарында жер титиреди
Монголияда күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болуп, Иркутскиде да сезилген