БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Токмок шаарынын жака белинде үрөй учурган жол кырсыгы катталып, эки жеңил унаа кагышты. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалымат кызматы тастыктады.
Окуя болгон жерден тартылган видеону Sputnik Кыргызстанга күбө жиберген. Кадрдан бир машинанын тумшугу мыйрыйып калганын, экинчисинин мотору ыргып кеткенин көрүүгө болот.
ЖКККБнын билдиришинче, кырсык Токмок — Кошой жолунда бүгүн саат 12:30да болгон. Анда Volkswagen менен Ford үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Жеринде автоинспекторлор иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, эки адам жаракат алган. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган унаанын биринин айдоочусу мас абалында болчу. Милиция бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдирди.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте батирге уурулукка киргендердин кылыгы бөлмөнүн ичине орнотулган камерага түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милиция камерага тартылган видеону жарыялады. Кадрдан үйдөгү буюмдарды сыртка ташып бараткан адамдарды көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
ИИБден билдиришкендей, 9-январь күнү кыргызстандык жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү саат 19:40та белгисиз адамдар анын Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги батирин ачып киргенин айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды. Экөө тең 39 жашта. Алар Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Уурдалган баалуу буюмдардын баасы такталып жатат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Күч органдары жаза өтөө жайларында отургандардын кылмыштуу жол менен толтурган орток казынасынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн 297 миң сом менен 8200 долларды алышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кылмыш жолу менен келген каражаттарды аныктоо боюнча атайын операцияга ИИМ, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кирген.
"Абактардын биринде жаза өтөп жаткан 28 жаштагы К. Э. жана 33 жаштагы Т. Р. аттуу адамдар башкалардан көп убакыттан бери акча өндүрүп жүрүшкөн. Ошондой эле алар баңгизат сатуу, абак жайларынын ичинде жана сыртында кумар оюндарын уюштуруу боюнча шектелүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Абактагылардан чогулган акча мындан тышкары "общак кассасына" жөнөтүлүп турган.
Иликтөөдө белгилүү болгондой, каражат электрондук капчыктарга салынып, кийин ар кандай кылмыш иштерин кылууга жумшалып турган.Ошондой эле бул топко кирген дагы үч адам аныкталды, алардын арасында аял киши дагы бар.
Жыйынтыгында иштин фигуранттарынын жашаган дарегинен 8200 доллар, башкача айтканда, дээрлик 1 миллион сомго чукул акча табылды.