От. Архив

Кичинекейлери эгиз болгон. Сузакта ис урган келин үч баласы менен көз жумду

2330
(жаңыланган 18:26 02.01.2021)
Келин менен бирге иске ууланып каза болгон анын үч баласынын улуусу 10 жашта, ал эми  экөө төрт жаштагы эгиз бөбөктөр болгон.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кашка-Терек айылында 30 жаштагы келин үч баласы менен көмүрдүн исине ууланып көз жумду. Маалыматты облустук милицинын өкүлү Шеркул Турганбаев тастыктады.

"30 жаштагы А.О. аттуу келин 10 жаштагы уулу жана төрт жаштагы эгиз уул-кызы менен 2-январга караган түнү өзүнүн үйүндө көмүрдүн исине ууланып калган. Азырынча биздеги маалымат ушул", – деди Турганбаев.

Облустук милициянын өкүлү аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын себептери такталып жатканын кошумчалады.

2330
Белгилер:
Сузак району, көмүр, уулануу, өлүм, кырсык
Тема боюнча
Чүйдө турак үй күйүп, улгайган аял көз жумду
Таласта унаа өрттөнүп бир адам каза болду
Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев. Архивдик сүрөт

Парламент Жогорку соттун мыйзамсыз байыган деп камалган судьясын иштен четтетти

50
(жаңыланган 16:42 20.01.2021)
Жогорку соттун судьясы декабрь айынын аягында камакка алынган. УКМК анын эсепсиз байлык топтогонун белгилеп, мүлккө мыйзамсыз ээ болгон деп шектелгенин билдирди.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан четтетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Судья декабрь айынын аягында камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Райондук соттун сот залы. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
УКМКнын билдиришинче, тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы ал көптөгөн кыймылсыз мүлк сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык үйлөрү, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда коттедждери, соода борборлорунда коммерциялык объектилери жана люкс-класстагы автоунаалары бар. Булар декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталган.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калмаматов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Осмоналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жарыялаган. Сунуш Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын Камил Осмоналиевди жоопко тартуу жана аны кызматтан алуу жөнүндө чечиминин негизинде кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотууга укуктуу. Ал эми президент болсо жергиликтүү сотторду гана кызматынан бошото алат.

Бүгүнкү пленардык жыйында парламент ошондой эле судьялык кызматка Мамытов тарабынан көрсөтүлгөн Дамирбек Назаровдун талапкерлигин тандады.

50
Белгилер:
камакка алуу, чечим, УКМК, Жогорку Кеңеш, кызмат, судья, Камил Осмоналиев
Тема боюнча
Мүлктүн баары өзүнүкү эмес. Жогорку сот судьяны айыптаган УКМКга жооп берди
Кармалган шектүү киши. Архив

Бишкекте кылмыштуу топтун "Карышкыр" каймана аты бар мүчөсү кармалды

172
(жаңыланган 13:27 20.01.2021)
Мырсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте "Карышкыр" каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Мурсалым Умырзаков кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Умырзаков Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлдү.

Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн "Карышкыр" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматына жеткирилди.

Мырсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. 2018-жылдын июнь айынын башында эле Россияда баңгизат сактоо боюнча жаза мөөнөтүн өтөп келген. Милициянын маалыматы боюнча, Умырзаков буга чейин бир нече жолу соттолгон: 1998-жылы каракчылык беренеси менен 10 жылга кесилген, 2005-жылы карактоо боюнча 9 жылга соттолгон, 2010-жылы уурулук кылып 5 жылга эркинен ажыратылган.

172
Белгилер:
уюшкан кылмыштуу топ, карышкыр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК "Алтуха" каймана аты бар криминалдык авторитетти кармады
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео
Кыргызстан менен Россиянын желектери. Архивдик сүрөт

Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү

0
(жаңыланган 18:06 20.01.2021)
Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.

Ага ылайык, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык диагностика кылуучу 20 000 реагентин алып, ошол эле күнү жүк Кыргызстанга жиберилген.

Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.

Кыргызстан Россияга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

0
Белгилер:
коронавирус, реагент, гуманитардык жардам, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга 200 миң ПЦР-тест система берди