БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түштүк калаада жер 3-январь күнү саат 07:01де силкинген. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында ири өрттү чыгарганга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Эске салсак, былтыр 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен 1800 чарчы метр жер күйгөн. Өрт тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имараттан чыккан.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 210-беренеси менен ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББ өткөн жумада 42 жаштагы эркек кишини кармады. Ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Буга чейин Сегизбаев 25-январда УКМКга сурак берүү үчүн барганы айтылган.
Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер, “Белизгейт” иши боюнча дагы айыпталууда.
“УКМК менен Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында Сегизбаев жогоруда аталган кылмыштарды жасаганы аныкталды. Буга байланыштуу ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — дешти Башкы прокуратурадан.
Учурда кылмыш ишине тийиштиги бар башка тараптарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп дагы шектелүүдө. Ага буга чейин Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 518,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аталган мекемеден билдиришти.
Эске салсак, 2020-жылдын башында АКШ акчасынын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Бирок жыл бою анын наркы өсүп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болду.
"Мунун айынан Улуттук банк 30 жолу жалпы суммасы 518,5 миллион долларга жеткен интервенция кылууга аргасыз болгон. Анын ичинен 52 миллион 550 миңи накталай түрдө сатылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда банк АКШ валютасын сатып алуу боюнча бир дагы операция өткөргөн эмес.