БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
2020-жылдын 2-декабрында Маматова Новопавловка айылындагы Кудайберген көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, кой көз. Үстүнө ак түстөгү күрмө, кара шым, кара чокой кийип жүргөн.
Кызды көргөн билгендер болсо 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерлерине кабарлай алышат.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунда BMW 525 жана Subaru Legasy автоунаалары кагылышып бир адам көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша 26-январда түнкү саат 23:43тө Каракол — Бөкөнбаев — Балыкчы жолунун 11-чакырымында болгон. Анын кесепетинен 20 жаштагы бала каза таап, сегиз адам жаракат алган.
Куткаруучулар барганга чейин жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген.
Куткаруучулар сөөктү автоунаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 87 жашында көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Маркум көптөн бери ооруп жүргөн.
"Кечээ түнкүсүн саат 12лерде каза болду. Жашы 87ге чыкты, ал киши көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Уюштуруу иштери жүрүп жатат", — деди ал.
Кадыракунов ошондой эле Эл акыны менен коштошуу зыйнатын эртең, 28-январда, өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.
Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.
Эл акыны чыгармачылык жолунда ондогон ыр китептердин, ыр жыйнактарынын автору болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.
Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.
Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.