Поезд алдында калып эки бутунан айрылган жигит. ИИМ окуянын чоо жайын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши рельстерде бара жатат. Архив
Киши рельстерде бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеминде жаңы жылга караган түнү жигитти поезд коюп кеткен. Окуянын кесепетинен жабырлануучу эки бутунан айрылды.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Кеминде Тилек Жумабековду поезд коюп кеткен окуянын чоо жайын айтты.
Кырсык 31-декабрь күнү саат 23:45те болгон. Окуянын кесепетинен жабырлануучу эки бутунан айрылды. Соцтармактарда Жумабеков адамды сактап калам деп өзү поезд алдында калганы тууралуу маалымат тараган. Бирок ИИМ мындай версияны четке какты.
"Ал рельсте жалгыз болгон. Машинист кырсыкты алдын алуу үчүн сигнал берген экен. Окуя бөөдө кырсык катары каттоого алынды", — дешти ИИМден.
Жумабеков алгач Кеминдеги ооруканага түшүп, кийин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлгөн. Учурда туугандары донор издеп жатышат. Жардам бергиси келгендер Кан борборуна (Айтматов проспекти, 60, Айни көчөсү менен кесилишет) барып, Тилек Жумабековдун атына кан тапшыра алышат. Маалым катты сүрөткө тартып (0500) 01-44-49 жана (0709) 200-772 номерлерине жөнөтүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0