БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Талас облусундагы дарыгерлер тез тамактануучу жайдагы өрттөн жабыр тарткандарды дарылоо боюнча консилиум өткөрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 адам жабыркаган. Төрт адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат.
Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, учурда Кара-Буура аймактык ооруканасында 10 адам дарыланууда, арасында 2018-жылы төрөлгөн бала дагы бар. Бир бейтап медициналык кароодон кийин чыгарылып, үйүнөн дарыланып турмай болгон.Аймакка Талас облустук ооруканасынан реаниматологдор менен травматологдор жөнөтүлгөн. Ошондой эле санавиация линиясы боюнча комбустиологдордун телефон аркылуу консультациясы уюштурулган.
Бүгүн ӨКМдин маалымат кызматы тез тамактануучу жайдан тышкары бир павильондо эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чачтарачкана күйгөнүн маалымдады. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзөт.
Өрткө газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себеп болгон.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта Ош шаарындагы "Достук" бажы бекетинде иштеген тескөөчү кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысы боюнча колго түшкөнү кабарланды.
"2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аны "Достук" бажы бекетинин кызматкерлери КР аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган тескөөчү А. Р. 21-январь күнү Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.