Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов. Архивдик сүрөт

Тилек Матраимов 220 миң сом айып төлөп жазадан бошотулду

325
(жаңыланган 18:39 05.01.2021)
Матраимов эки жакын адамы менен октябрдагы элдик толкундоодон кийин Анжиянга качып чыгып, өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өзбекстандын чегине мыйзамсыз өтүп кеткени үчүн Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовго 220 миң сом айып салынып, эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Мындай өкүм өткөн жылдын 22-октябрында эле чыгарылган.

Сотто аныкталган далилдер боюнча Матраимов 6-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы чек ара көзөмөл-өткөрүү пункту жайгаштырылбаган аймактан Өзбекстанга мыйзамсыз чыгып кеткен. Андан соң коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан Анжиян облусунун Кургантепе районунун Яртибош айылынан кармалган.

"Т.М. Жазык кодексинин 358-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен кылмыш жасаган. Ош облустук соту аны 2020-жылдын 22-октябрында күнөөлүү деп таап, 2 200 эсептик көрсөткүч (220 миң сом) өлчөмүндө айып салуу жазасы берилген. Ал эми үй камагында кармоо баш коргоо чарасы күчүндө калтырылган. Акыркы кабыл алынган өкүм күчүнө киргенден кийин эркиндикке чыгарылат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле экинчи тарап жогорку инстанцияга даттанбагандыктан, соттун өкүмү 30 күндүн аралыгында күчүнө кирип, Матраимов жазадан толугу менен бошотулганы белгиленди.

Эске салсак, Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. Коңшу өлкө аларды 9-октябрда Кыргызстанга өткөрүп берген. Ал эми 15-октябрда үй камагына чыгарылган.

325
Белгилер:
качуу, аким, чек ара, жаза, айып, Тилек Матраимов
Тема боюнча
Тилек Матраимов кызматына кайттыбы? Расмий жооп
Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Саркарбаев камакка алынды
Сейсмографтын маалыматтары. Архив

Кечинде Өзгөн менен Кара-Сууда жер титиреди

15
(жаңыланган 10:16 21.01.2021)
Жер титирөө Оштун айрым жерлеринде 3 баллга чейин сезилген. Министрликтин айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.

Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

15
Белгилер:
жер титирөө, Кара-Суу району, Өзгөн, Ош, ӨКМ
Тема боюнча
Эртең менен Нарында жер титиреди
Монголияда күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болуп, Иркутскиде да сезилген
Мадрид шаарында катуу жарылуу

Мадрид шаарында катуу жарылуу болду. Видео

199
(жаңыланган 21:10 20.01.2021)
Жарылуудан кийин тартылган кадрлардан талкаланган көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатканын жана айнектин сыныктары туш тарапка чачырап кеткенин көрүүгө болот.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Мадрид шаарынын борборунда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​Кадрлардан көрүнүп тургандай, талкаланган көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатат. Айнектин сыныктары туш тарапка чачырап кеткен.

Жергиликтүү ЖМКлар жарылуу карылар үйүнө жакын жерде болгонун жазууда. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек.

199
Белгилер:
Мадрид, жарылуу, имарат
Тема боюнча
Баткенде шахтада жарылуу болуп, бир кишини топурак басып калды
Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео