БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы №10 абакка 40 миң рубль жана 1300 сом алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-январь күнү кызматкерлер тарабынан кармалган аял 17 жылга эркинен ажыратылган жарандык никедеги жолдошуна жолугуу үчүн абак жетекчилигинен уруксат алган.
"Абактын тинтүү бөлмөсүнөн текшерген учурда аялдын койнуна катылган кара түстөгү баштыкчанын ичинен 40 миң рубль жана 1300 сом табылган. Топтогон материалдар маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда жогорудагы факт боюнча сотко чейинки териштирүү башталганы кабарланды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте түндө дүкөн өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Короче" Telegram-каналы өрттүн видеосун жарыялады.
23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.
"Кийинчерээк дүкөндүн аянты 50 чарчы метр экени аныкталды. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун "британдык" штаммы кадимки SARS-CoV-2ге салыштырмалуу адам өлүмүнө көп алып келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Брифингде айтылган маалымат боюнча, коронавирус жуктурган 1000 кишинин ичинен 10у каза тапса, вирустун мутацияланган түрүндө 13-14 бейтап акка моюн сунган. Азыр Улуу Британия сутка ичинде COVID-19дан көз жумгандардын дүйнөлүк статистикасында биринчи орунда турат.
Ошол эле учурда Жонсон өлкөдө колдонулуп жаткан Pfizer жана AstraZeneca вакциналары жаңы штаммга оң таасирин тийгизерине ишендирген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Жонсондун айткандары боюнча үн катып, коронавирустун "британдык" штаммында өлүмдүн көп болушу саламаттык сактоо системасына күч келгенине байланыштуу экенин айткан.
"Вирус бат тарагандыктан эл көп ооруй турганы белгилүү. Анан ооруканалар да жык толот. Дарыгерлер бирине жетишсе, экинчисине жетишпейт. Натыйжада саламаттык сактоо системасына күч келип, өлүмдү азайта албай калышат", — деген ДССУ өкүлү Ван Керкхове.
Коронавирустун жаңы түрү — VUI-202012/01 тууралуу 14-декабрда Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок айтып чыккан. Ал SARS-CoV-2 вирусуна салыштырмалуу адамдан адамга өтө тез жугары айтылган. Коронавирустун бул штаммы азыр 60тан ашык мамлекетте катталды.