600 миң доллар пайда көргөн. Финпол алдамчылыкка шектелген адамды кармады

© AFP / MARK WILSONАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын кызмат шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, кокус анын торуна илингендер болсо, Финансы полициясына тезинен кайрылууну же ишеним номерине чалууну өтүндү.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаткан Дөлөтбак Акимканов аттуу адамды кармады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ага карата сот КРдин Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык жаза өтөө чарасын тандайт. Учурда ал Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Тергөөдө белгилүү болгондой, шектүү буга чейин бир нече жолу алдамчылык кылган жана расмий документтерди жасалмалоо фактылары боюнча жоопкерчиликке тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, кокус анын торуна илингендер болсо, Финансы полициясына тезинен кайрылууну же ишеним номерине чалууну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0