Диванда отурган аял. Архив

УКМК: президенттикке талапкердин аялы чет элдикти 5 млн. долларга алдап кеткен

305
(жаңыланган 20:28 07.01.2021)
УКМКнын билдиришинче, У.К. аттуу аял 2017-2018-жылдары чет элдик инвестордон чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып, азыр аны кайтарбай жатат.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттикке талапкерлердин биринин аялы У.К. чет элдик жаранды 5 миллион долларга алдап кеткенин аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, У.К. аттуу аял 2017-2018-жылдары А.О. аттуу башка аялдан чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып, азыр аны кайтарбай жатат.

"Белгилей кетсек, алданып калган жаран чет элдик инвестор болгон жана каражатты өлкөнүн керектүү долбоорлоруна жумшоону пландаган. Ошондой эле У.К. аттуу жаран КРдин президенттигине талапкерлердин биринин жубайы экенин айта кетели", — деп жазылган билдирмеде.

Бул факты Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

Сотко чейинки өндүрүш тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

305
Белгилер:
алдамчылык, талапкер, президент, УКМК
Тема боюнча
УКМК Өмүрбек Бабановду суракка чакырды
Кыздын силуэти. Архив

Кочкордо киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылды. Шектүү изделүүдө

9
(жаңыланган 17:11 25.01.2021)
Келиндин өлүмүнө шектелип Кочкордогу жергиликтүү тургундун малын багып жүргөн чабан изделүүдө. Маркум Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну болгон.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.

"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.

Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

9
Белгилер:
келин, Кочкор, шектүү, кылмыш, өлүм
Тема боюнча
Арактын айынан... Токмок шаарында үч адам киши колдуу болду
Бажы кызматкери. Архив

700 миң сомдун дайны жок. Оштогу "Достук" бажы бекетинин тескөөчүсү кармалды

82
(жаңыланган 16:04 25.01.2021)
Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясынын  Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматта Ош шаарындагы "Достук" бажы бекетинде иштеген тескөөчү кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысы боюнча колго түшкөнү кабарланды.

"2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аны "Достук" бажы бекетинин кызматкерлери КР аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган тескөөчү А. Р. 21-январь күнү Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.

Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.

82
Белгилер:
финансы полициясы, Ош, бажы, достук
Тема боюнча
Финпол сулуулук салонунун атын жамынып иштеген кумар оюндары клубун аныктады. Видео
Финполдун Ички иликтөө башкармалыгынын башчысы Токоев эки айга камалды
Хан сарай, бодо мал... Министрликтин өкүлү мыйзамсыз байыган деп кармалды