Финпол Транспорт министрлигинин статс-катчысы кайсы иш боюнча кармалганын айтты

© AFP / MICHELLE SHEPHARD / POOLИлинип турган кишендер. Архив
Илинип турган кишендер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 28 аткаминер кармалды. Алардын мамлекетке 20 миллион сом чыгым келтиргени аныкталган.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.
© Фото / пресс-служба ГСБЭП при ПКРФинпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деп айыптап жатат
Коррупционная схема на дороге Бишкек - Ош - Sputnik Кыргызстан
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деп айыптап жатат
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деп айыптап жатат.
"Тергөөдө аныкталгандай, 2018-жылы "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктуларына айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алган атайын автоматташтырылган техника орнотулган. Ага Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы жооптуу болчу. Ата мекендик, чет элдик жана жүк ташуучу автоунаалар үчүн тарифтер коюлган. Бирок дирекциянын айрым кызматкерлери бир топ убакыттан бери айдоочулардан көрсөтүлгөн тариф боюнча акча алып турушкан дагы, системадагы маалыматтарды алмаштырып коюшчу. Ортодогу ири суммадагы акчаны өздөрүнө ыйгарып алган. Бул иштер Транспорт министрлигинин жетекчилигинин калкалоосу менен жасалып келген", — деп айтылат маалыматта.
Президенттикке талапкер Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Курсан Асановдун жубайын шылуундукка айыптады. Адвокаттын жообу
Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши боюнча Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 28 аткаминер кармалган. Алардын мамлекетке келтирген чыгымы 20 миллион сомду түзөрү айтылды. Финполдун аракети менен 16 миллион сомдон ашыгы бюджетке кайтарылмай болду.
Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бул иш боюнча тергөө өткөн жылдын май айында башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0