БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жашы жете элек балага ыплас мамиле жасаган делип 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 4-январь күнү райондук милицияга С.Ж. аттуу аял кайрылып, 15 жаштагы уулуна сексуалдык ыдык көрсөткөн адамга чара көрүүнү суранган.
Шектүү шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген И.А. экени аныкталган. Аталган факты Жазык кодексинин 165-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн ыплас аракеттерди жасоого аракет кылган учурдагы видеосу дагы табылган.
Жаран Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаардык тергөө абагына эки айга камалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы Чыңгыз Айтматов проспектисинде улгайган аялды сүзүп кетти. Бул маалыматты шаардын Кайгуул милициясы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, окуя кечээ, 21-январда, саат 10:00дө катталган. Патрулдук милициянын версиясы боюнча Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде жолго чуркап чыга калган 62 жаштагы аялды айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу атайын унаа менен ооруканага жеткирилген.Окуядан кийин милициянын кызматтык унаасы айып короого киргизилген. Маалымат катчы кырсык боюнча материалдар тергөө бөлүмүнө берилгенин кошумчалады.
Чыңгыз Айтматов проспектиси өкмөттүк трасса болуп саналат. Ал жол менен президент мамлекеттик резиденциядан Ак үйгө каттайт.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.
Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.
"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.
Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.