БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Республикада акыркы суткада COVID-19 инфекциясын жуктурган 147 учур белгилүү болгон. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун COVID-19 инфекциясын жуктурган 82 138 учур катталган.
Стационардык дарылоодо — 862, ал эми амбулатордук түрдө 1 232 бейтап дарыланууда.
147 адам сакайды:
Расмий маалыматка ылайык, республика боюнча өткөн жылдын мартынан баштап коронавирус инфекциясы менен 77 751 адам ооруп айыккан.
Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан Талас облусу менен Бишкектен эки бейтап каза тапты. Жалпы каза болгондордун саны 1 367 адамга жеткен.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.
Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.
Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатканы айтылган.
Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген.
"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.