БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык 9-январь күнү саат 12:15тер чамасында Нарын районунун Шаркыратма аймагында болгон.
"Ат-Башы районунун 63 жаштагы тургуну өзүнүн Audi 100 үлгүсүндөгү унаасы менен баратып, Toyota Estima менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Audi автоунаасынын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Аталган машинада жүргүнчү катары бара жаткан 22 жаштагы адам оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", — деп жазылат маалыматта.
Кырсыктын кесепетин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылды.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Мадрид шаарынын борборунда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
#BREAKING: Large explosion reported in downtown Madrid, Spain. pic.twitter.com/g73tDAMM0P
— UA News (@UrgentAlertNews) January 20, 2021
Кадрлардан көрүнүп тургандай, талкаланган көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатат. Айнектин сыныктары туш тарапка чачырап кеткен.
Жергиликтүү ЖМКлар жарылуу карылар үйүнө жакын жерде болгонун жазууда. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан четтетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Судья декабрь айынын аягында камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калмаматов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Осмоналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жарыялаган. Сунуш Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын Камил Осмоналиевди жоопко тартуу жана аны кызматтан алуу жөнүндө чечиминин негизинде кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотууга укуктуу. Ал эми президент болсо жергиликтүү сотторду гана кызматынан бошото алат.
Бүгүнкү пленардык жыйында парламент ошондой эле судьялык кызматка Мамытов тарабынан көрсөтүлгөн Дамирбек Назаровдун талапкерлигин тандады.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.