Жети-Өгүздө балык уулоого кеткен киши изделип жатат

© Sputnik / Мариус Баранаускас / Медиабанкка өтүүБалыкчы. Архив
Балыкчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлдөн балык кармайм деп кеткен кишини издөөгө алгач эки куткаруучу, андан кийин дагы беш куткаруучу тартылган. ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чычкан айылында көлгө балык уулоого чыгып кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн, 10-январда, саат 17:25те Жети-Өгүз райондук №36 өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгүнөн эки куткаруучу тартылган.
Саат 18:06да кошумча Каракол шаардык №15 ӨКБдан дагы беш куткаруучу барган.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0