БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаратылыш кырсыгы 11-январь күнү саат 01:38де катталган.
Ушул эле маалда жер титирөө Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Орказган айылында 4 балл, Тосой, Ак-Терек, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында ири өрттү чыгарганга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Эске салсак, былтыр 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен 1800 чарчы метр жер күйгөн. Өрт тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имараттан чыккан.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 210-беренеси менен ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББ өткөн жумада 42 жаштагы эркек кишини кармады. Ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Буга чейин Сегизбаев 25-январда УКМКга сурак берүү үчүн барганы айтылган.
Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер, “Белизгейт” иши боюнча дагы айыпталууда.
“УКМК менен Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында Сегизбаев жогоруда аталган кылмыштарды жасаганы аныкталды. Буга байланыштуу ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — дешти Башкы прокуратурадан.
Учурда кылмыш ишине тийиштиги бар башка тараптарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп дагы шектелүүдө. Ага буга чейин Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.