БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Токмок шаарында үч адам киши колдуу болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 9-январь күнү милицияга Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринин кожоюну сабалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу үч адамдын ар кандай жаракат алганын аныктап, Тез жардам чакырылган. Жаракат алгандардын бири ооруканага жетпей каза болсо, эки киши ооруканын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди карап, арак бөтөлкөсүнүн сыныктарын жана башка далил буюмдарды тапкан", — деп жазылат маалыматта.
Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү учурунда каза болгон жарандардын экөөсүнүн аты-жөнү такталып, алардын бири Э.Т. аттуу 39 жаштагы үй ээси, экинчиси 32 жаштагы Д.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Үчүнчү жарандын ким экенин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу жарандар Кемин районунун аймагынан кармалышкан.Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана каза болгон жарандар чогуу ичимдик ичип отурушуп жаңжалдаша кетишкен. Жыйынтыгында эки адам үч жарандын денесине оор жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.
Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.
Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Мадрид шаарынын борборунда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
#BREAKING: Large explosion reported in downtown Madrid, Spain. pic.twitter.com/g73tDAMM0P
— UA News (@UrgentAlertNews) January 20, 2021
Кадрлардан көрүнүп тургандай, талкаланган көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатат. Айнектин сыныктары туш тарапка чачырап кеткен.
Жергиликтүү ЖМКлар жарылуу карылар үйүнө жакын жерде болгонун жазууда. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек.