Кишен. Архивдик сүрөт

"УКМКнын кызматкеримин" деген адам жасалма күбөлүк менен кармалды

123
(жаңыланган 11:12 11.01.2021)
Автоунаанын тиешелүү документтерин текшерип жатканда анын артында отурган адам өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштегендер алып жүрүүчү күбөлүктү көрсөткөн.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Укук коргоо органдары "УКМКнын кызматкеримин" деген адамды жасалма күбөлүгү менен кармады. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Ага ылайык, 10-январь күнү болжол менен саат 14:55терде кайгуулчулар ордо калаадагы Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинен мамлекеттик номери жок Toyota Camry үлгүсүндөгү автокөлүктү токтотушкан. 

Сотрудники патрульной милиции и ГКНБ в Бишкеке задержали лжесотрудника Госкомитета национальной безопасности
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Укук коргоо органдары "УКМКнын кызматкеримин" деген адамды жасалма күбөлүгү менен кармады
"Автоунаанын тиешелүү документтерин текшерип жатканда анын артында отурган адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштегендер алып жүрүүчү  күбөлүктү көрсөткөн. Текшере келгенде документ жасалма болуп чыккан. УКМК өкүлдөрү дагы ал адам атайын кызматта иштебей турганын айткан", — деп жазылат маалыматта.
Сотрудники патрульной милиции и ГКНБ в Бишкеке задержали лжесотрудника Госкомитета национальной безопасности
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Жасалма күбөлүк

Аталган факты боюнча Б.А. аттуу киши Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, номери жок көлүк автоунаа токтотуучу жайга киргизилген.

123
Белгилер:
текшерүү, документ, жасалма, Жол кайгуул кызматы, УКМК
Тема боюнча
Бишкекте айдоочу милицияга ойдон чыгарылган комитеттин документин көрсөткөн. Сүрөт
Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Учактан кишенделип түштү. Депутат Төрөкуловдун кармалган видеосу

4
(жаңыланган 10:53 16.01.2021)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармаган видеосун жарыялады.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Эл өкүлү коррупцияга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Кадрдан колуна кишен салынган депутатты атайын кызматтын куралчан аскерлери учактан түшүрүп, андан соң УКМКнын имаратына алып кирип кеткенин көрүүгө болот. 

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.

4
Белгилер:
кармоо, УКМК, шайлоо, депутат, Дүйшөн Төрөкулов
Тема боюнча
УКМК депутат Дүйшөн Төрөкуловду желкелеген бойдон кармап кетти. Сүрөт
Автомат такап, баса калып... Спецназ кримтөбөл "Алтуханы" кармаган видео
Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

УКМК депутат Дүйшөн Төрөкуловду желкелеген бойдон кармап кетти. Сүрөт

76
(жаңыланган 10:23 16.01.2021)
Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

  • ГКНБ задержал депутата Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол Дуйшона Торокулова
    Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ задержал депутата Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол Дуйшона Торокулова
    Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Билдирмеге ылайык, ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып келинген.

Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.

76
Белгилер:
кармоо, УКМК, шайлоо, депутат, Дүйшөн Төрөкулов
Тема боюнча
Автомат такап, баса калып... Спецназ кримтөбөл "Алтуханы" кармаган видео