БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алып, бюджетке келтирген зыяндын ордун толтурду. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамыркалиев 9-январда өз ыктыяры менен мамлекетке келтирген чыгымдын бир бөлүгүн, 2,5 миллион сомун кайтарган. Ошол эле күнү ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган. Аны "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктуларынан айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алууда каражатты сол чөнтөккө сологон деп айыптаган.
Финполдун билдиришинче, учурда чыгымдын дээрлик баары, 20 миллион сом, бюджетке кайтарылган.
Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө аягына чыгып калганы да белгиленет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ошто мамлекеттик мүлктү сегиз миң долларга сатып жиберишкен "Ош электр" ачык акционердик коомунун жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.
Билдирмеге ылайык, акционердик коомдун жооптуу адамдары мүлктү сатууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашкан эмес.
"Ош электр" ишканасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.
Учурда келтирилген мамлекеттик зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Токмок шаарында жөө адамдар өтчү жол чийинде өтүп бара жаткан кишини автоунаа койдуруп кеткен ирмемдер видеого түшүп калды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Окуя кечээ, 18-январь күнү, саат 8.00дөр чамасында Шамсинская жана Ключевая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Audi 100 үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочу жол чийинден өтүп бара жаткан кишини кагып кетет.
Бүгүн Facebook тармагына окуянын видеосу жүктөлдү.
Маалыматка караганда, айдоочу токтобостон качып кеткен. Бирок милиция көп өтпөй ошол эле шаардын 62 жаштагы тургунун шектүү катары кармады. Тергөө иштери уланууда.
Бир нече жаракат алган жабырлануучу ооруканада.